Бишкекке Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри келди

14-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 31

Бишкек шаарына Өзбекстандын премьер-министринин орун басары — инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Усурзаков иш сапары менен келди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, аны “Манас” аэропортунан экономика министри Данияр Амангелдиев жана Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев тосуп алышкан.

Белгилей кетсек, бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары — инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Усурзаковдун жолугушуусу өтөт.

Мындан сырткары, өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы өтөт.

14-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X