Бишкекте өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча ачык чемпионат өтөт
11-13-июнь күндөрү Бишекек шаарынын Восток-5 кичи районундагы Спорт мектебинин спорттук базасында күрөш боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт.
Sport.akipress.org маалымдагандай, чемпионатка борбор шаардан 150 спортчу катышат.
Чемпионаттын ачылышы 11-июнда Раатбек Санатбаев атындагы балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинде болот (Восток-5 кичи району, 21-корпус). Иш-чараны Дене тарбия жана спорт департаментинин башчысы Нурлан Токоноев жана КРнын күрөш федерациясынын президенти Валерий Фуфачев ачышат.