"Эркин-Тоо"

Бишкекте өзүн өлтүрөм деген жаш жигит 8-кабаттан секирди

Бишкек шаарындагы Байтик баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги толук курулуп бүтө элек имараттын 8-кабатынан жаш жигит секирди.

Ал имараттын үстүндө 4 саатка жакын убакыт турду. Сүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок. Саат 17:00дө ал төмөн карай секирген.

Белгисиз жаран өзүн-өзү өлтүрүү үчүн көп кабаттуу үйдүн жогорку кабатына чыкканы тууралуу маалымат милицияга саат 12:39да түшкөн болчу.

Куткаруучулар менен милиция кызматкерлери баланын сөөгүн алып чыгышты.

Жеринде тез жардам кызматы иштеп жатат. Окуя болгон жерде көп эл чогулду.

Окуяга күбө болгондор секирер алдында жигит бир кыз менен сүйлөшкөнүн айтышууда. Ошондон кийин ал чуркап келип, секирип кетти.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!