Бишкекте 13 жер тилкесинин ээсине 40,7 млн сом компенсация берилди

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисин жана Восточная көчөсүн реконструкциялоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу муниципалдык менчикке өткөрүлгөн жер тилкелеринин ээлерине компенсация төлөнүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 13 жер тилкесинин ээсине жалпы суммасы 40 млн 763 миң сомду түзгөн акчалай компенсация сертификаттарын тапшырды. Каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнөт. Компенсациянын өлчөмү көз карандысыз баалоонун негизинде аныкталган.

Мэр калган жер тилкелеринин ээлерине да компенсация төлөө иштери мыйзамда белгиленген тартипте улантыларын белгиледи. Ошондой эле Ленин райондук администрациясынын башчысына документтерди тариздөө жана төлөмдөрдү жүргүзүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

Айбек Джунушалиевдин айтымында, алгач жер тилкелерин башка жерге алмаштыруу мүмкүнчүлүгү каралган. Бирок айрым тилкелердин аянты чакан болгондуктан, алардын ээлерине акчалай компенсация төлөө чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары, Элебесов көчөсүн оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу тоскоолдук жараткан жети турак үйдүн ээлерине бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен компенсация төлөнгөн.

Ал эми Шабдан Баатыр көчөсү менен Иманалы Айдарбеков бульварынын кесилишиндеги жол түйүнүн куруу долбоорунун алкагында тоскоолдук жараткан 16 объекттин биринин ээсине компенсация берилди. Калган объектилер боюнча иштер улантылууда.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X