Бишкекте 15 окумуштуу айым сыйланды

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 98

Бишкекте «Илимдеги, ойлоп табуучулуктагы жана инновациядагы аялдын образы» аттуу республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Сынактын жыйынтыгында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 15 окумуштуу айым ар түрдүү номинациялар боюнча белгиленди.

Быйыл сынакка 60тан ашуун өтүнмө келип түшкөн. Катышуучулардын долбоорлору илимий жаңылыгы, практикалык мааниси жана экономикага киргизүү мүмкүнчүлүгү боюнча бааланды.

«Окумуштуу айым» номинациясында биринчи орунду И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин өкүлү Аида Эгембердиева ээледи. Экинчи орунга Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнологиялар институтунун өкүлү Назира Кыдырмаева, үчүнчү орунга Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык медицина жана илим институтунун өкүлү Анар Зарипова татыктуу болду.

Гран-при сыйлыгы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин өкүлү Тинатин Доолоткельдиевага жана Кембридж университетинин өкүлү Бермет Султангазиевага ыйгарылды.

Ошондой эле төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:

  • «Ойлоп табуучу айым» — Айнура Батыкова;
  • «Новатор айым» — Жумагүл Жээнтаева;
  • «Мыкты илимий жетекчи» — Азиза Карбекова;
  • «IT-технологиялар тармагындагы айым» — Уулкан Бейшеналиева;
  • «Мыкты айымдар командасы» — Ж. Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Жогорку экономика мектебинин жаш окумуштуулары;
  • «Студенттик илим» — Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенти Камилла Турдубаева.

Белгилей кетсек, республикалык сынак 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул убакыт аралыгында ага 300дөн ашуун окумуштуу айым катышып, алардын ишмердүүлүгү тууралуу эки китеп жарык көргөн.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан уюштурулду.

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X