Бишкекте 2026-жылы 36 мектеп куруу пландалууда

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 256

2026-жылы Бишкек шаарында 36 мектеп куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда, мэр Айбек Жунушалиев Агартуу министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында билдирди.

Шаар мэринин айтымында, 2019/20-окуу жылынын аягында шаардагы мектептерде болжол менен 160 миң окуучу билим алса, учурда алардын саны 260 миңден ашты. Бул демографиялык өсүшкө жана ички миграциянын күч алышына байланыштуу. Мындан улам шаарда ири масштабдуу курулуш иштери жүрүүдө. Акыркы беш жылда тогуз мектеп салынып, кошумча 15 мектеп имараты пайдаланууга берилген. Ал эми быйыл курула турган 36 мектептин үчөө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Буга чейин Бишкектеги мектептерде орун жетишпей, окуучулардын саны нормадан дээрлик 2,5 эсе көп экени айтылган.

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 256
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X