Бишкекте 22 миң орундуу заманбап стадионду кайсы компания кура турганы белгилүү болду
Августта Бишкекте заманбап жаңы стадиондун курулушу башталат. Спорттук арена бардык талаптарга жооп берип, 22,5 миң орундуу болмокчу. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик футболчуларынын оюнунан кийин улуттук курама менен жолуккан кезде билдирди.
Анда стадион европалык компания тарабынан салынары айтылып, объекттин эскизи дагы көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, күн мурун, 14-июнда Азия кубогуна тандап алуунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары оюн өткөрдү. Бул биздин команда үчүн Азия кубогу-2023кө тандоо этабындагы акыркы оюну болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары оюнду тең, 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. Эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына чыгышты.