Бишкекте +25 градус болот. 4-апрелге карата аба ырайы
Бүгүн, 4-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Бишкекте күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;
Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 15…20;
Бишкек түнкүсүн 7…9, күндүз 23…25° болот.
Ал эми бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3 градуска чейин болот.