Бишкекте 28 кабаттуу үй куруу үчүн изилдөө иштери жүргүзүлдү

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 109

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти Бишкек шаарындагы Фрунзе көчөсү, 421 дарегинде 28 кабаттуу турак үй куруу пландалган аймакта инженердик изилдөө иштерин жүргүздү.

Талаа иштеринин алкагында адистер тереңдиги 45 метрге чейин жеткен 18 скважина бургулап, лабораториялык изилдөөлөр үчүн топурактын үлгүлөрүн алышты.

Изилдөөнүн кийинки этабында вертикалдык электрдик зонддоо, топурактын жылышууга туруктуулугун аныктоо жана штамптык сыноолор жүргүзүлөт.

Талаа жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен топурактын мүнөздөмөлөрү, физикалык-механикалык касиеттери камтылган техникалык корутунду даярдалат.

Алынган маалыматтар курулуш объектисинин долбоордук чечимдерин иштеп чыгууга, ошондой эле имараттын пайдубалын жана курулуштун негизги параметрлерин аныктоого негиз болот.

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 109
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X