Бишкекте 30 миңден ашык бак-дарак отургузулду
Бишкек шаарында жашыл аймактарды кеңейтүү, шаарды көрктөндүрүү жана экологиялык абалды жакшыртуу багытындагы жашылдандыруу иштери уланууда.
2026-жылдын башынан бери борбор калаада 25 миң көчөт отургузуу пландалган. Бирок бүгүнкү күнгө карата бул көрсөткүчтөн ашып, 30 миңден ашык бак-дарак тигилди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жазгы жана күзгү көчөт отургузуу өнөктүктөрүнө жеке өзү катышып, жалпы 73 бак-дарак отургузган.
Шаарда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери мындан ары да улантылат.