Бишкекте 40 кабатка чейинки турак жай комплекстеринин курулушу текшерилди
Бүгүн, 28-октябрда, курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги 23төн 40 кабатка чейинки турак жай комплекстерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министр курулуштун сапатына, колдонулган материалдардын талаптарга шайкештигине, заманбап технологияларга жана коопсуздук эрежелеринин сакталышына көңүл бурду.
Ал «Хан Теңири», «Тянь-Шань», «Нео Сити» жана «Эвернью» турак жай комплекстеринин курулушун көрдү. Бул объектилерде 23төн 40 кабатка чейинки имараттар курулууда. «Тянь-Шань» комплексинин долбоорунда бала бакча да каралган.
Иш сапардын алкагында Нурдан Орунтаев «Эвернью» турак жай комплексинин 24-кабатынын чатырын жабуу аземине катышты.
Министрлик белгилегендей, курулушта эл аралык тажрыйбаны жана заманбап ыкмаларды колдонуу имараттардын сапатын, бекемдигин жана коопсуздугун жогорулатууга багытталган.