Бишкекте 40 кабаттуу үйлөр курулууда: Нурдан Орунтаев төрт комплексти кыдырды
Курулуш министри Нурдан Орунтаев 28-октябрда Бишкектеги бир катар көп кабаттуу турак жай комплекстерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, министр курулуштун сапатына, колдонулган технологияларга, материалдардын талаптарга шайкештигине жана коопсуздук эрежелеринин сакталышына көңүл бурду.
Орунтаев «Хан Теңири», «Тянь-Шань», «Нео Сити» жана «Эвернью» турак жай комплекстерине барды.
Алардын ичинен «Хан Теңири» комплексинде 28 кабаттуу эки блок жана 40 кабаттуу бир блок каралган. «Тянь-Шань» комплексинде 23–25 кабаттуу сегиз блок жана бала бакча курулууда.
Ал эми «Нео Сити» жети 26 кабаттуу блоктон, «Эвернью» жети 24 кабаттуу блоктон турат.
Иш сапардын жүрүшүндө министр «Эвернью» комплексинин 24-кабатынын чатырын жабуу иштеринин аякташына арналган салтанатка да катышты.
Министрлик курулушта эл аралык тажрыйбаны жана заманбап технологияларды колдонуу имараттардын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталганын белгиледи. Ошол эле учурда курулуш нормаларын сактоо жана имараттардын коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү экени айтылды.