Бишкекте 60 көрнөк-жарнак тактасы жана баннерлер алынып салынды
Бишкекте 60 көрнөк-жарнак тактасы жана баннерлер алынып салынды. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Биринчи май районунун кызматкерлери, борбор калаанын мэриясынын, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен биргелешкен рейд өткөрүштү.
Рейд Чүй проспектисинен И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки Ж.Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн боюндагы тышкы көрнөк-жарнактары боюнча өткөрүлдү.
Анын жыйынтыгы менен уруксатсыз 60 жарнама түзүлүштөрү алынып салынды.