Бишкекте 8-мартка карата аялдар акысыз маммографиядан өтүшөт

КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 7-мартта маммография акысыз жүргүзүлө турган кыргыз-түрк достук ооруканасына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Бул иш-чара онкологиялык ооруларды алдын алуу жана Кыргызстандын аялдарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында уюштурулду. Бир жума аралыгында түрк жана кыргыз дарыгерлери биргеликте скрининг жана консультация жүргүзүшөт. Бул акыркы акция эмес, мындай иш-чаралар жыл бою жүргүзүлмөкчү”, — деди Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, акысыз кароо алдын ала жазылуу менен 7-11-март күндөрү жүргүзүлөт.

Жазылуу үчүн тел.: 0997 650 000, 0312 650 000

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X