"Эркин-Тоо"

Бишкекте абанын сапатын текшерген приборлор талапка жооп бербейби?

Бишкекте абанын сапаты боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында абанын булганышын көзөмөлдөө үчүн колдонулуучу сенсорлорду стандартташтыруу жана техникалык текшерүү маселеси каралды. Абанын булганышын өлчөө үчүн орнотулган көптөгөн приборлор керектүү техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп бербей турганы айтылды. Бул ишенимсиз маалыматтарды алуу коркунучуна жана анын натыйжасында экологиялык абалды жакшыртууга кедергисин тийгизе турганы маалымдалды.

Комиссиянын отурумунда негизги көйгөйлөр катары абаны текшерген приборлордун стандарынын жоктугу, IQAir сайтында катталган бардык сенсорлордун мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүү, Жаратылыш ресурстары министрлигине сенсорлордун улуттук стандарттарын иштеп чыгуу жана милдеттүү түрдө сертификациялоо системасын киргизүү тапшырылды.

Пример HTML-страницы