Бишкекте айрым батирлерге жылуулук жетпей жатканынын себеби аныкталды
Бишкектеги Куруучулар шаарчасында айрым тургундардын жылытуу системасына өз алдынча өзгөртүү киргизүүсүнөн улам үйдө жылуулук жетишсиз болуп жатканы аныкталды. Бул тууралуу «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы билдирди.
Тургундардын кайрылуусунан кийин адистер үйдүн ички жылытуу системасын текшерип, бир катар кемчиликтерди табышкан. Тактап айтканда, айрым түтүктөр ичкертилип, диаметри кичирээк түтүктөргө алмаштырылган. Мындан тышкары, жылуулуктун айланышына тоскоолдук жараткан кошумча бурулуштар жана туташтыруулар жасалган.
Ишкананын маалыматына ылайык, мындай өзгөртүүлөр жылытуу системасынын иштөө режимин бузат. Натыйжада жылуулук үйдүн бардык бөлмөлөрүнө бирдей жетпей, айрым батирлерде температура төмөндөйт.
Көйгөйдү чечүү үчүн үйдүн ички инженердик тармактарын баштапкы долбоорго ылайык келтирип, аныкталган кемчиликтерди жоюу зарыл.
«Бишкекжылуулукэнерго» тургундарды жылытуу системасына өз алдынча өзгөртүү киргизбөөгө чакырды. Мындай аракеттер бир гана батирге эмес, бүтүндөй үйдүн жылуулук менен камсыздалышына таасир этиши мүмкүн.