Бишкекте айрым көчөлөр үч күнгө жабылат

Бишкекте 19-марттан 21-мартка чейин Ала-Тоо аянтында Ноорузду майрамдоого байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Бул күндөрү төмөнкү жолдор убактылуу жабык болот:

  • Чүй проспектиси — Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;
  • Раззаков көчөсү — Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Орозбеков көчөсү — Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X