Бишкекте алты тилкелүү жаңы көпүрө жыл аягына чейин ачылат
2026-жылдын аягына чейин Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Ч. Валиханов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Тещин язык» көпүрөсүн пайдаланууга берүү пландалууда.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Учурда объектте көпүрөнүн устундарын орнотуу жана конструкцияларын бетондоо иштери жүрүп жатат.
Долбоорго ылайык, көпүрөнүн узундугу 90 метрди түзүп, алты тилкелүү болот. Ошондой эле эки тарабында тең туурасы 3 метрден болгон жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар каралган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктап, сапатын камсыздоону тапшырды. Аба ырайы ыңгайлуу болсо, көпүрө жыл аягына чейин пайдаланууга берилет.