Бишкекте атак-даңк жана адамдык баалуулуктар тууралуу спектакль коюлду
Бишкекте Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында орус драматургу Григорий Гориндин «Геростратты унут!» пьесасынын негизинде коюлган спектаклдин премьерасы өттү.
Трагикомедия адамдын атак-даңкка умтулуусу, моралдык тандоосу жана коом алдындагы жоопкерчилиги тууралуу ой жүгүртүүгө үндөйт.

Чыгарманын сюжетинин негизинде биздин заманга чейинки 356-жылы байыркы Эфестеги Артемида храмын өрттөп, өз атын тарыхта калтырууну көздөгөн Геростраттын окуясы жатат. Спектаклде кылмыш аркылуу атакка жетүүнү каалаган адамды коом кандай жазалашы керек жана аны тарыхтын эсинен өчүрүү мүмкүнбү деген суроолор көтөрүлөт.
Постановкада атак менен даңктын, чыгармачылык менен кыйратуучулуктун ортосундагы айырма көрсөтүлөт. Автор коом эмне үчүн кээде жаратуучуларга караганда кыйратуучуларды көбүрөөк эстеп каларын да козгойт.
Спектаклдин режиссёрлору — Сейтек Мухтаров жана Александра Антошевская. Сценографиясын Садыр Ниязакунов, костюмдарын Татьяна Воротникова даярдаган. Музыкалык коштоону Баласагын Мусаев, хореографияны Евгения Кыдышева иштеп чыккан. Жарык боюнча сүрөтчү Арсений Макаров, видеоконтенттин сүрөтчүсү Арен Ормонов.
Спектаклде Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын артисттери ойношот.
Постановка Россиянын Маданият министрлигинин жана «Русские сезоны» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун колдоосу менен орус-кыргыз маданий кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылды.
Театрдын маалыматына ылайык, жаңы спектакль жаш көрүүчүлөрдү кызыктырууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана коомдук талкууга түрткү берүүгө багытталган.
Спектакл 14 жаштан жогорку көрүүчүлөргө сунушталат.


