Бишкекте автобус айдоочулары үчүн мобилдик жатакана ачылды
Бишкек шаарындагы №3 автобазанын аймагында алыскы аймактардан келип иштеген автобус айдоочулары үчүн мобилдик жатакана пайдаланууга берилди.
Жатакана 36 орунга ылайыкталган. Учурда анда 28 айдоочу жашап жатат.
Мындай шарттарды түзүү айдоочулардын эс алуусуна жана иштөөсүнө ыңгайлуу мүмкүнчүлүк берет. Алдыда «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын башка автобазаларында да ушундай жатаканаларды куруу пландалууда.