"Эркин-Тоо"

Бишкекте аял пластикалык операциядан кийин көз жумду

Бишкекте аял пластикалык операциядан соң (липосакция) көз жумду.Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

“Ага ылайык, бейтап жеке клиникадан Улуттук госпиталга оор абалда түшкөн.«Көрүлгөн чараларга карабастан, ал каза болду. Тиешелүү экспертиза дайындалды, укук коргоо органдары тарабынан баа берилет», — деди.

Өз кезегинде, милициянын басма сөз кызматы бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы) боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!