Бишкекте аялдамаларга атайын жол белгилери түшүрүлүүдө
Бишкек шаарындагы коомдук транспорт аялдамаларына атайын жол белгилерин түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Муниципалдык «Бишкекасфальтсервис» ишканасы тарабынан аялдамалардын аймагына коомдук транспорт үчүн арналган А1, А2, А3 белгилери жана такси токтотуучу жайды көрсөткөн «Т» белгиси түшүрүлүп жатат.
Бул иштер автобустардын жана таксилердин аялдамаларга туура токтоосун камсыздоого, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.