Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенген жаран кармалды — ФОТО,ВИДЕО
Баңгизат каражаттарын ташып киргизүү жана сатуу каналына бөгөт коюу максатында атайын иш-чара уюштурулуп, натыйжада мурда түзөтүү мекемелерине баңгизаттарды ташып киргизүү менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-март күнү Бишкек шаарынын Жибек-Жолу жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан мурда бир нече жолу соттолгон “Шама” каймана аттуу Д.Ш. Токмок шаарынан келе жаткан маршурттук унаадан түшөрү менен кармалган.
Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда, андан жашыл түстөгү рюкзак тыбылып, ичинде майдын 5 жана 2 литрлик пластик бөтөлкөлөргө толтурулган кара куурай өзгөчө жытына ээ, болжол менен “гашиш” баңгизатына түспөлдөш ачык жашыл өсүмдүк заты болгон. Алынган заттын жалпы салмагы 2 кг 194 гр түзгөн. Кармалган жаран тергөө абагына киргизилип, учурда тергөө амалдары уланууда.
