Бишкекте байыркы аска сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылат

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 49

2026-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында «Борбор Азиянын чийим таштарына саякат» аттуу мультимедиялык көргөзмө ачылат. Анда Борбор Азиядагы байыркы аска сүрөттөрүнүн тарыхы, маданий мааниси жана аларга байланышкан уламыштар заманбап мультимедиялык форматта тартууланат.

Долбоорду ишке ашырууга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын адистери катышкан. Даярдык иштеринин алкагында археологдор чийим таштардагы сүрөттөрдүн мазмунун жана тарыхый доорун изилдешкен. Ошондой эле салттуу билимдердин ээлери аска сүрөттөрүнүн мааниси жана алар жайгашкан жерлерге байланышкан оозеки баяндар менен бөлүшүшкөн.

Көргөзмөнүн башкы каарманы Аман-кыздын сапары Талас облусундагы Жалтырак-Таштын чийим таштарынан башталат. Ал жол көрсөтүүчүсү Кайберен менен бирге Борбор Азияны кыдырып, байыркы аска сүрөттөрүнүн тарыхы жана сырлары менен таанышат.

Долбоор ALIPH фондунун колдоосу жана Европа Биримдигинин кошо каржылоосу менен ишке ашырылган.

Көргөзмө 2026-жылдын 24-ноябрынан 6-декабрына чейин уланат.

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X