"Эркин-Тоо"

Бишкекте байге фонду 200 миң сомдон жогору болгон түнкү жарыш өтөт

Эртең кечинде Бишкекте активдүү жашоо образын сүйгөндөр үчүн салттуу Toyboss Night Run 2022 жарышы өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Nomad Sport уюмунан билдирди.

Марафон «АЮ-Гранд» соода борборунун жанында башталат.

Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт. Жарым марафондун катышуучулары тандаганына жараша 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркашат. Мындан сырткары, айрым компаниялар Ekiden командалык эстафетага катышып, жыл сайын өтүүчү кубок үчүн таймаша алышат. Ошондой эле «Аймактык» онлайн-жарыш дагы өткөрүлөт.

Жарым марафондун жүрүшүндө негизги жарыш маршруту боюнча саат 20:30дан 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет:

Валиханов көчөсү — Анкарадан Чүй проспектине чейин (түштүктөн түндүккө);

Чуй проспекти — Валиханов көчөсүнөн Ауэзовго чейин (батыштан чыгышка).

Жол кыймылы үчүн бир гана тилке ачык болот. Байге фонду 200 миң сомдон жогору.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!