Бишкекте батир оңдоп берем деп 220 миң сомдон ашык акча алган шектүү кармалды

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 72

Бишкекте батир оңдоп берем деп жарандардан акча алып, убадасын аткарбай кеткен деген шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБ билдирди.

Маалыматка караганда, 14-августта Н.С. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын арызы боюнча, 1997-жылы туулган М.А. батирди оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп берүүнү убада кылып, алдоо жолу менен акча алган.

Шектүү алдын ала төлөм катары 700 долларды накталай жана 159 миң 585 сомду банктык эсепке которуу жолу менен алган. Жалпысынан Н.С.га 220 миң 800 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени айтылат.

Мындан тышкары, милицияга ушул сыяктуу аракеттерден жабыркаган 10дон ашык жаран кайрылганы маалымдалды. Учурда жалпы келтирилген материалдык зыяндын көлөмү такталууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биринчи май РИИБи шектүүнүн аракеттеринен жабыркаган же ал тууралуу маалымат билген жарандарды милицияга кайрылууга чакырды.

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 72
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X