Бишкекте беш жылдыздуу LOTTE HOTEL курулат
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, LOTTE HOTELS & RESORTS компаниясынын жана LP INVEST компаниясынын ортосунда Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Чыңгыз Айтматов проспектисинде мейманкана комплексин куруу долбоору боюнча ниеттештик жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Алдын ала концепцияга ылайык, долбоор эл аралык LOTTE HOTEL бренди алдындагы беш жылдыздуу мейманкананы, сервистик резиденцияларды жана бизнес-борборду курууну камтыйт.
Долбоорду борбор калаанын түштүк бөлүгүндө, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан аймакта ишке ашыруу пландалууда. Бишкек шаарынын башкы планына ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнда административдик борборду калыптандыруу каралган.

«Бул долбоорду ишке ашыруу Бишкек шаарынын мейманкана инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болот. Комплексте ар кайсы өлкөлөрдөн келген конокторду жогорку деңгээлде кабыл алууга, ошондой эле элибиздин маданияты жана каада-салттары менен тааныштырууга бардык шарттар түзүлөт. Келечектеги комплекс туризмдин жана өлкөнүн ишкердик байланыштарынын өнүгүшүнө салым кошоруна ишенем», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов.

Алдын ала концепцияга ылайык, проспект тараптан таш аркада менен бириктирилген эки симметриялуу мунара куруу каралган. Комплексте ишкердик жолугушууларды, конференцияларды жана расмий кабыл алууларды өткөрүү үчүн жайлар, ресторан жана велнес-борбор жайгашат. Бизнес-борбор үчүн өзүнчө кире бериш каралат.
«Жаңы рынокко чыгууда биз тейлөө сапатына жана бренддин баалуулуктарына болгон көз караштарыбызды бөлүшкөн өнөктөштөрдү тандоого өзгөчө көңүл бурабыз. Бишкектеги долбоордун ишке ашырылышы туризмдин өнүгүшүнө жана борбор калаанын ишкердик борбор катары ролунун бекемделишине өбөлгө түзөт деп ишенем. Өз кезегибизде топтолгон тажрыйбабызды колдонууга, анын ичинде келечектеги мейманкананын кызматкерлерин даярдоого даярбыз», — деп белгиледи LOTTE HOTELS & RESORTS компаниясынын өнүктүрүү боюнча вице-президенти Пак Хи Ён.

Мейманкана франчайзинг модели боюнча иштейт. Долбоордо эл аралык LOTTE HOTEL брендин колдонуу LOTTE HOTELS & RESORTS компаниясынын Корея Республикасындагы башкы кеңсеси тарабынан жактырылган. LeePrime Group комплекстин концепциясын сунуштап, долбоорду иштеп чыгууда инвестордун өнөктөшү катары катышууда.
«Биз LOTTE HOTEL BISHKEK долбоорун борбор калаанын келбетинин бир бөлүгү катары көрөбүз. Бул жерде эл аралык тейлөө маданияты кыргыз элинин меймандостук салттары менен айкалышат. Классикалык стилдеги, ар түрдүү маданияттар үчүн ачык болгон мейманкана ишкердик жолугушуулардын жана эл аралык диалогдун борборуна айланат», — деп белгиледи LeePrime Group компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Лилия Дорохина.
LOTTE HOTELS & RESORTS — Түштүк Кореянын 50 жылдан ашык тарыхы бар алдыңкы эл аралык мейманкана оператору. Компания дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө мейманканаларды жана курортторду башкарып, SIGNIEL, LOTTE HOTELS, L7 жана LOTTE CITY HOTELS бренддерин өнүктүрөт. Компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизин чын ыкластуу меймандостук, ар бир конокко урмат-сый менен мамиле кылуу, майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруу жана тейлөөнүн жогорку стандарттары түзөт.
LeePrime Group меймандостук тармагында 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар алгачкы санариптик мейманкана оператору. Компания мейманканаларды жана апартаменттерди башкаруу, медициналык велнес, билим берүү, ден соолукту чыңдоо жана жашоо образы багыттарындагы жеке бренддерди өнүктүрүү менен алектенет.