Бишкекте бильярд клубунан акча уурдаган жаран кармалды
20-мартта Бишкектеги бильярд клубдарынын биринен белгисиз жаран акча уурдап чыгып бараткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМнин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Ленин райондук күзөт бөлүмү тарабынан борбордук көзөмөл түйүнү аркылуу кайтарууда турган Бишкектеги бильярд клубдарынын биринен саат 03:36 чамасында “Айгай” белгиси берилген. №461 ыкчам кармоо тобунун экипаж улугу милициянын прапорщиги Б.Кожобеков, автоматчысы милициянын старшинасы У.Капаров жана айдоочусу милициянын прапорщиги У.Жумабаев бильярд клубун курчоого алышкан.
Маалыматка ылайык, азиат улутундагы 30-35 жаштагы белгисиз жаран бильярд клубунун кассасынан акча уурдаганы аныкталган. Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери кароо жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү качууга аракет жасаган.
Териштирүү учурунда, кармалган жаран Нарын облусунун 1989-жылы туулган К.Т. аттуу тургуну экендиги аныкталган.
Жыйынтыгында Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.