Бишкекте бир катар жер өтмөктөр курулат

Бишкектин шаарынын жолдорунун кесилиштеринде бир катар жер алдынан өткөн өтмөктөр курулат. Бул тууралуу шаардын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирген.

“Ар бир кесилиш жолдордо унаалар бурулганда жөө жүргүнчүлөр өтүп жол тыгыны пайда болууда. 10-15 жер алдындагы өтмөктөрдү каза турган техникалар бар. Мурункудай асфальттын баарын талкалап, казып, жолду жарым жыл жаап коймой жок. Алматыдан көрдүм, жолдун астынан казып кирип аркы жагынан чыгып кетет. Бир нече жер астындагы өтмөктөрдү салышыбыз керек. Мен муну  планга киргизип жатам”, — деди калаа башчысы.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X