Бишкекте бир күндө 500дөн ашык бак-дарак отургузулду

31-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

Бишкек шаарында күзгү жашылдандыруу өнөктүгү уланууда. Бүгүн, 31-октябрда, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда бир катар көчөлөргө жана коомдук жайларга 500дөн ашык көчөт отургузулду.

Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарагынын көчөтү тигилди. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты.Возможно, это изображение один или несколько человек

Мэр бак-дарактарды сугаруу маселесине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, көчөттөр сугаруу мүмкүнчүлүгү бар жерлерге гана отургузулушу керек.

«Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар: бак-дарактар сугаруу мүмкүнчүлүгү бар жерлерге гана отургузулушу керек», — деди ал.

Мындан тышкары, Тоголок Молдо атындагы скверге катальпа жана ясень дарактарынын 138 көчөтү отургузулду. Экологиялык акцияга дарыгер-онкологдор, онкологиялык ооруну жеңген аялдар жана учурда дарыланып жаткан бейтаптар катышты.Возможно, это изображение дерево

Белгилей кетсек, иш-чараны «Өмүр үчүн бирге» коомдук бирикмеси уюштурду. Демилге шаарды жашылдандыруу менен катар онкологиялык оорудан дарыланып жаткан адамдарга психологиялык колдоо көрсөтүүнү да көздөйт.

Уюштуруучулар бак отургузууну жашоонун уланышынын, үмүттүн жана келечекке болгон ишенимдин символу катары белгилешти.

31-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X