Бишкекте бүгүн «Оскар» лауреаты жана Голливуд жылдыздары катышкан кызыл килем өтөт
Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында дүйнөлүк кино жылдыздарынын катышуусунда кызыл килем аземи жана атайын кино көрсөтүү өтөт.
Иш-чара саат 17:00дө башталат. Ага «Оскар» сыйлыгынын лауреаты, польшалык продюсер Збигнев Жмудский, Голливуд актеру Дон «Дракон» Уилсон, актриса Бай Лин, белгилүү актриса Наталия Аринбасарова жана продюсер-режиссер Еркен Ялгашев катышат.
Кеченин алкагында Сергей Прокофьевдин музыкасына жаралган, «Оскар» сыйлыгына татыган «Петя и волк» анимациялык тасмасы көрсөтүлөт.
Иш-чараны уюштуруучу, маданияттын эмгек сиңирген ишмери Ассоль Молдокматова билдирди.
Кирүү акысыз. Дресс-код — кечки кийим.