Бишкекте быйыл 93 лифт жаңыланат

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80

Бишкекте эски лифттерди жаңылоо иштери жүрүп жатат. 2026-жылы шаардагы 93 лифтти модернизациялоо пландалган.

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, иштер сентябрь айында башталган. Анын алкагында «Шумкар Лифт» компаниясы 67 лифтти, ал эми «Даэсунг Айдиэс» компаниясы 26 лифтти жаңылайт.Нет описания фото.

Бүгүнкү күнгө карата 16 лифт толугу менен жаңыланып, пайдаланууга берилди. Дагы 18 лифтте иштер аяктоо алдында турат.

Долбоордун негизги максаты — лифттердин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X