Бишкекте эки фонтан жаңыланууда: мэр иштин жүрүшүн текшерди

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 162

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Киев жана Москва көчөлөрү менен кесилишиндеги эки фонтанда жана ага чектеш аймактарда жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.

Абдрахманов–Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы фонтан курулууда. Учурда анын эки чөйчөгү орнотулуп, инженердик коммуникациялар тартылып бүттү. Азыр жасалгалоо жана фонтан системасын даярдоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми Абдрахманов–Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Алтын балыктар» фонтаны жаңыланууда. Бул жерде декоративдик жасалгалоо, инженердик тармактарды иретке келтирүү, фонтан системасын даярдоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери аткарылууда.

Долбоордун тапшырыкчысы — мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы, подрядчы — «Гранд Про» ЖЧКсы. Иштер 6-июлда башталган жана 31-октябрга чейин аякташы пландалууда. Учурда объект пайдаланууга кабыл алына элек.Нет описания фото.

Мэр чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүп, отургучтарды, таштанды челектерин орнотууну, унаа токтотуучу жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жайларды, балдар аянтчасын уюштурууну тапшырды. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, учурдагы бак-дарактарды сактоо, аларды сугарууну камсыз кылуу жана кошумча көчөттөрдү отургузуу тапшырылды.

Айбек Джунушалиев иштердин темпин күчөтүп, белгиленген мөөнөттөн кечиктирбөөнү талап кылды. Ошондой эле аткарылган иштердин сапатына, жашыл аймактарды сактоого жана бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 162
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X