Бишкекте эки күн бою ири көлөмдөгү таштандылар чыгарылат
20–21-ноябрь күндөрү Бишкектин бардык райондорунда топтолгон таштандылар массалык түрдө чыгарылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акцияны «Тазалык» муниципалдык ишканасы уюштурууда. Бул күндөрү шаар тургундары үйүндө топтолуп калган керексиз буюмдарды жана тиричилик калдыктарын таштанды контейнерлери жайгашкан аянтчаларга алып чыгып коюшу керек.
Аларды ишкананын кызматкерлери атайын техникалар менен чыгарып кетишет.
Мэрия шаар тургундарын акцияга активдүү катышып, короолорду тазалоого чакырды.