Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

14-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 29

Үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек шаарында алгачкы жолу  Евразия экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Форумду уюштуруунун жол жоболору Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Евразиялык экономикалык комиссиянын  министри Сергей Глазьевдин жолугушуусу учурунда талкууланды.

Сергей Глазьев Евразия экономикалык форумунун программалык комитетинин жетекчиси катары бул сунуштарды кароого даяр экендигин белгиледи.

Маалым болгондой, иш-чарага Кытай, Иран, Индия, Түркия, Сербия, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү, Түштүк Америка, Араб мамлекеттери, ошондой эле Европа Биримдигинин айрым өлкөлөрү чакырылат. Форумдун алкагында жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын өткөрүлөрү айтылды.

Белгилей кетсек, быйыл ЕАЭБге Кыргызстан төрагалык кылат.

Келишимдерге ылайык, мүчө мамлекеттер ЕАЭБге төрагалык кылуу милдетин алфавит тартибинде бир жыл аткарышат.

Эске салсак, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Россиянын  Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

14-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X