Бишкекте ичеги-карыны ооругандар көбөйдү

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору быйыл Бишкекте 5 ай ичинде курч ичеги инфекциясынын 799 учуру катталганын билдирди. Бул былтыркыга салыштырмалуу оорунун көрсөткүчү 29,9% га жогорулагандыгын билдирет. “Курч дизентерия менен оору 40% га өстү. Көпчүлүк учурда эки жашка чейинки балдар оорушат, бул балдарды багууда ата-энелер тарабынан өздүк гигиенанын сакталбагандыгына, ошондой эле сапатсыз жана туура сакталбаган тамак-аш азыктарын пайдаланууга байланыштуу болот”,-делет маалыматта.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X