Бишкекте инсульт боюнча биринчи улуттук конференция башталды

23-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 44

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасында инсульт маселелерине арналган биринчи улуттук конференция өз ишин баштады.

23–25-ноябрь күндөрү өтө турган конференцияга ата мекендик жана эл аралык эксперттер, медициналык коомчулуктун өкүлдөрү жана тиешелүү уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гүлнара Баатырова жана Жылдыз Эгембердиева, саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ), Инсульт менен күрөшүү боюнча дүйнөлүк уюмдун (WSO), медициналык жардамдын сапаты боюнча RES-Q эл аралык реестринин жана Angels демилгесинин өкүлдөрү катышууда.Возможно, это изображение один или несколько человек и помост

Ошондой эле конференцияга Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Украина, Беларусь, Грузия жана башка өлкөлөрдөн келген адистер да кошулду.

Конференциянын алкагында инсульттун алдын алуу, аны өз убагында аныктоо, бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана эл аралык тажрыйбаларды Кыргызстанда колдонуу маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Үч күндүк иш-чара медициналык адистердин ортосунда тажрыйба алмашууга жана инсульт менен күрөшүү багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

23-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 44
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X