"Эркин-Тоо"

Бишкекте каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды — ВИДЕО

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши катталган. Жаран 1992-жылы туулган Д.М. 2023-жылдын 18-январь күнү Бишкек шаарындагы кафелердин биринде эс алуу учурунда “Максат” аттуу чала тааныш адам жана белгисиз үч адам менен белгисиз үлгүдөгү тапанча жана бычак менен коркутуп, “Редми-9” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, акча каражаттарын тартып алышканын билдирген арыз жазган.
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, бул кылмыш ишке шектүү катары Ысык-Көл облусунда жашаган 1989-жылы туулган К.М. кармашкан. Ал УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана мурда каракчылык, тоноо, опузалап талап кылуу ж. б. бир нече кылмышты жасоого шектелип соттолгон. Ошондой эле, анын шериги Россия Федерациясынын аймагында каракчылык үчүн бир нече жолу соттолгон 1990-жылы туулган Т.М. кармалган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!