Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт
Бишкек электр тармактары ишканасы 5 миң 300 керектөөчүнүн карызы бар экендигин билдирди. Андыктан ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. Карызды почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн терминалдар аркылуу төлөсө болот. «Эгер карыздар төлөнбөсө жарыктар өчүрүлөт»,-делет маалыматта.