Бишкекте КМШ өлкөлөрү сапат инфраструктурасын өнүктүрүүнү талкуулады
Кыргызстанда КМШнын Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 69-жыйыны өттү.
Жыйында техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология, санариптештирүү жана өз ара соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана сапат инфраструктурасын биргелешип өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.