Бишкекте коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн бош орундар бар
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бүгүн, 9-июнда саат 12:00гө карата Бишкек шаарындагы ооруканалардагы коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн даярдалган бош орундар тууралуу маалымат берип, ооруп калгандар төмөндөгү бейтапканаларга кайрылса боло тургандыгын билдирди.
— №1 шаардык клиникалык ооруканада — 42;
— Улуттук госпитал: Урология бөлүмүндө — 40;
— Республикалык наркология борборунда — 29;
— Чүй облустук бириккен ооруканада — 21;
— Улуттук госпитал — 20;
— Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында — 15;
— Улуттук кардиология жана терапия борборунда — 15;
— №2 клиникалык төрөт үйүндө — 13;
— №6 шаардык клиникалык ооруканада — 7;
— Улуттук онкология жана гематология борборунда — 6;
— Улуттук хирургия — 5 орун бар.
— Улуттук фтизиатрия борборунда бош орундар жок.