Бишкекте курулуш калдыктары кошуна үйдүн аймагына кулап, компанияга 200 миң сом айып салынды
Бишкек шаарындагы Юнусалиев көчөсүнүн 92-дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу турак үйдө коопсуздук талаптарынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы жарандардын кайрылуусунун негизинде аталган курулуш объектисине ыкчам текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүү учурунда имараттын 10-кабатынан курулуш калдыктары, анын ичинде опалубканын бөлүктөрү жанындагы турак үйдүн аймагына кулап түшкөнү аныкталган. Мындай жагдай тургундардын коопсуздугуна коркунуч жаратары белгиленди.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Арт Вин» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
Министрлик курулуш компанияларын коопсуздук талаптарын так сактоого чакырып, талаптарды бузган тараптарга мыйзамда белгиленген чаралар көрүлөрүн эскертти.