Бишкекте лицензиясы жок алкоголь сактоочу кампа табылды

16-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 27

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө уруксат берүүчү документтери (лицензиясы) жок алкоголдук продукция саткан бир ЖЧКнын кампасын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкерде жалпы суммасы 978,3 миң сомго ар кандай аталышта жана идиште 4 миң 475 бөтөлкө алкоголь болгон.

Эми ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

16-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X