Бишкекте лицензиясыз такси айдагандарга айып пул салынды
Бишкектеги Аламүдүн базарынын аймагында мыйзамсыз такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга каршы рейд өтүп, лицензиясы жок жүргүнчү ташыгандарга айып пул салынды. Иш-чараны «Бишкек автобекет» ишканасынын кызматкерлери милиция менен биргеликте өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө тиешелүү лицензиясы жок жүргүнчү ташыган айдоочулар аныкталды. Мыйзам талаптарын бузгандарга протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Ошондой эле автобекеттин аймагында мыйзамсыз токтоп, жүргүнчүлөргө жана жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Айдоочуларга Чыгыш автобекетинин аймагында такси унаалары үчүн атайын унаа токтотуучу жай каралганы жана жүргүнчүлөрдү тейлөөгө бардык шарттар түзүлгөнү эскертилди. Аларга жүргүнчүлөрдү атайын бөлүнгөн жерде гана салып-түшүрүү сунушталды.
Муниципалдык ишкананын маалыматына ылайык, мындай рейддер мындан ары да улантылат. Иш-чаралар автобекеттин аймагында тартипти сактоого, жол тыгындарын жана жүргүнчүлөр үчүн кооптуу жагдайларды алдын алууга багытталган.