Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. 29-мартка карата аба ырайы
29-март күнү түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Ага ылайык, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолорунда кар жаайт, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;
Ысык-Көлоблусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Бийик тоолордо түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градус.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 13…15 градус болот.