Бишкекте мамлекет менен бизнес ортосунда ачык диалог өтүүдө
Бүгүн, 27-ноябрда, Бишкектеги «Ынтымак-Ордо» мамлекеттик комплексинде «Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес – ачык диалог» аталышындагы II инвестициялык форум өтүүдө.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан Жогорку сот, Башкы прокуратура жана Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте уюштурулду. Форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышууда.
Форумдун негизги максаты – мамлекет менен бизнестин ортосундагы ишенимди бекемдөө, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жаралган көйгөйлөрдү талкуулоо, инвесторлорго тоскоолдук жараткан жагдайларды жоюу жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу.
Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров белгилегендей, иш-чара Президент Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 21-октябрындагы республикалык кеңешмеде берген тапшырмаларын ишке ашырууга багытталган. Ошондой эле өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүн жыл сайын кеминде 20 пайызга көбөйтүү максаты коюлган.
Форумга мамлекеттик органдардын, сот жана укук коргоо түзүмдөрүнүн, бизнес-ассоциациялардын, өнүктүрүү фонддорунун, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордон турган 250гө чейин катышуучу чогулду.
Ачык диалогдун жүрүшүндө ишкерлер инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кездешкен көйгөйлөрүн түздөн-түз билдирип, аларды чечүү боюнча сунуштарын ортого салышууда.
Иш-чаранын алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Жогорку соттун ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу пландалууда. Мындан тышкары, өлкө жетекчилигинин алдында Инвесторлор кеңешин түзүү, бизнес өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз диалог жүргүзүү, инвестициялык долбоорлорду коштоо механизмдерин өркүндөтүү жана «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу кызматташууну санариптештирүү маселелери каралууда.
Маалыматка ылайык, 2023–2026-жылдары Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда жалпы суммасы 12,4 млрд АКШ долларын түзгөн 91 инвестициялык макулдашууга кол коюлган. Анын ичинен 2026-жылы 3,6 млрд долларлык 33 макулдашуу түзүлгөн. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында 31,4 млрд сомдон ашык суммадагы 19 макулдашууга кол коюлган.
Форумдун негизги жыйынтыгы инвестицияларды коргоо механизмдерин күчөтүүгө, мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин арттырууга жана инвесторлор үчүн ачык-айкын, туруктуу жана жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат.