Бишкекте мас айдоочу Kia менен аялдаманы сүзүп, оодарылып кетти
Бишкекте мас абалдагы айдоочу Kia үлгүсүндөгү унаасы менен коомдук транспорттун аялдамасын сүзүп, жол кырсыгынан кийин унаа оодарылып калды. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.
Postmedia.kg маалымдагандай, жол кырсыгы 28-октябрда саат 23:44 чамасында Токомбаев көчөсү менен Чортеков көчөсүнүн кесилишине жакын жерде болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулга ээ боло албай, аялдаманы сүзгөн. Катуу соккудан кийин унаа оодарылып кеткен.
Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочу мас абалында болгону аныкталган.
Учурда кырсыктын жагдайлары такталууда.