Бишкекте онлайн-казинонун ишмердүүлүгү иликтенүүдө

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 85

Бишкекте онлайн-кумар оюндарын уюштурган жай аныкталып, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюндарын өткөрүү үчүн колдонулган 276 оюн автоматы табылды.

ИИМдин маалыматына ылайык, аталган жайда кумар оюндары онлайн форматта, бирок кадимки физикалык оюн автоматтары аркылуу уюштурулуп келген. Чет өлкөлөрдө жүргөн оюнчулар уюлдук телефондор аркылуу автоматтарга алыстан туташып, коюмдарды коюп, оюндарга катышып турушкан. Казинолордун кардарлары чет өлкөлүк жарандар болгон.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинде каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тинтүү учурунда онлайн-кумар оюндарын өткөрүүгө пайдаланылган 276 оюн автоматы алынган.

Текшерүүдө компания 2024-жылы мамлекеттик каттоодон өтүп, тиешелүү лицензия алганына карабастан, каттоодон өткөндөн бери мамлекеттик бюджетке салык төлөбөгөнү аныкталган.Нет описания фото.

Тергөө алкагында кирешелерди жашыруу, мыйзамсыз пайда табуу, акча каражаттарын адалдоо жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөө фактылары да текшерилүүдө.

Аталган ишмердүүлүккө тиешеси бар деп шектелген беш жаран тергөө кызматына жеткирилди. Алардын үчөө Кыргызстандын жарандары болсо, экөө чет өлкөлүк жарандар.

Учурда тергөө уланууда. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизги максаты — мыйзамсыз схеманын бардык катышуучуларын аныктоо, каржылык операцияларды иликтөө жана мамлекетке келтирилген зыяндын так өлчөмүн эсептөө.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 85
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X