Бишкекте “Ош Пирим” телеканалында өрт чыкты
Бишкекте бүгүн, 21-февралда “Ош Пирим” телеканалында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.
Маалыматка ылайык, министрликке Абай көчөсүнүндө жайгашкан көп кабаттуу имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 14:53тө бир бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 15:27де толук өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгышынын себептери такталууда.