Бишкекте поезд аял кишини сүзүп кетти

Бүгүн,9-февралда Бишкектин Некрасов жана Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде поезд 45 жаштагы аял кишини сүзүп кеткен.

Маалыматка ылайык, жерине барган милиция кызматкерлери каза болгон аялдын өздүгүн такташкан. Ал 1977-жылы туулган К.Э. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда териштирүү иштери уланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X